Маалымат Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында да жарыяланды. Министр түрк бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланат.
8-ноябрда министр Казакбаев Түркиянын борбор калаасы Анкара шаарында иштеген кыргызстандык мигранттар менен жолугушуп, шайлоодогу мигранттардын орду, виза көйгөйү жана кыргыз дипломдорунун тең күчтүүлүгү тууралуу маселелерди талкуулаган.
Жумуш сапарынынын алкагында Казакбаев Стамбул жана Анкара шаарындагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен да жолугушат.