Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну толук калыбына келтирүү жана улантуу үчүн жигердүү сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды улантып жатканын билдирди.
ТИМ тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстан буга чейин тараптар менен макулдашып, кол коюлган бардык келишимдерди так аткарат. Анын ичинде инвесторлордун укугун корголуп, өлкө ичиндеги чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу сакталары айтылды.
Ошондой эле мекеме өлкө ичинде стабилдүүлүктү, демократия, парламентаризм жана адам укугун сактоо аракеттери көрүлүп жатканын кабарлады.