Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен барат. Президенттин милдетин аткаруучу жумушчу сапардын алкагында облустагы социалдык объектилерди, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт.
Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат. Нарын облусунун эли менен жолугушуп, учурдун актуалдуу болгон маселелери боюнча оюн айтып, пикир алмашат.