Жаңылыктар
Жаштар күнүнө карата онлайн Кыргызстан жаштар форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Жаштар күнүнө карата онлайн Кыргызстан жаштар форуму өтөт

10-ноябрь күнү Жаштар күнүнө карата онлайн Кыргызстан жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Форумдун негизги максаттары COVID -19 пандемиясы менен күрөшүүдө жаштардын жана ыктыярчылардын жардамы жөнүндө маалымат берүү. Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруудагы жаштардын ролун көрсөтүү. Ошондой эле жаштардын санариптештирүү долбоорлоруна, стартап долбоорлорду, гранттык конкурстарга жана башкаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо болуп саналат. 

Онлайн форумда белгилүү спикерлер жаштардын жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришет. Эгер сиз онлайн форумга катышууну кааласаңыз, 8-ноябрга чейин jashtar.kg.gov@gmail.com дарегине аты-жөнүңүздү, байланыш телефон номуруңузду, электрондук почтаңыздын дарегин жиберишиңиз болот.