Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 556 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республилкалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте - 160, Ош шаарында - 42, Чүй облусунда - 95, Ош облусунда - 54, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 40, Жалал-Абад облусунда - 91, Баткен облусунда - 50 адамдан аныкталган. Илдеттен акыркы бир сутка ичинде 551 бейтап сакайып чыкты. Коронавирустан жалпы 1 миң 172 жаран көз жумду.
Бир күндө Ош облусунда эки адам каза болгон.Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 445 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 645 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 640 учур катталды, алардын ичинен 3 410 медкызматкер айыгып чыкты.