Жаңылыктар
Гареев атындагы ботаникалык бактын аймагында ишембилик өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Гареев атындагы ботаникалык бактын аймагында ишембилик өттү

Бүгүн Гареев атындагы ботаникалык бактын аймагында ишембилик өткөрүлдү. Колдоруна шыпыргы, күрөк, баштык көтөргөн коомдук активистер, ыктыярчылар, шаардын тургундары ишембиликке өз каалоосу менен келишти. 

“Таза шаар” деп аталган социалдык иш-чара “Нобилис”коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, ишембилик боюнча маалыматты социалдык тармакта жарыялашкан. Келгендердин саны 100гө чукулдап, баарына кол кап, баштыктар таратылды. Уюштуруучулардын айтымында, ботаникалык бактын аймагындагы бардык таштандыдан тазалоону көздөп турушат. Активистер шаар тургундарын борборду таза кармап, таштандыларды ыргытпоого чакырышат.

“Биз жарандарды чогултук.Ээч кимди кыйнап алып келген жокпуз. Баары өз каалоолору менен келишти. Азыр 2 топко бөлүнүп, таштанды жыйноого өтөбүз”,- деди “Нобилис”коомдук фондунун директору Чолпон Жыпаркулова.