Жаңылыктар
Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө

Өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. 

Басма сөз күнү кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу негизделген. 2020-жылы кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына - 96 жыл толду. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2020-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары 1800 субъект жана 126 телерадиокомпаниялар катталган.