Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери аткарылууда. Табигый кырсыктардан 21 миң 570 кожолук жана 21 миң 281га чарба аянттары корголду.
Учурда мерчемделген объектилердин арасынан кечиктирилгис жумуштар аткарылышы зарыл болгон объектилерде жумуш жүрүүдө. Эскерте кетсек, табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары. Экинчи багыты - атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жумуштары.
Биринчи багыт боюнча 2020-жылга карата болжолдуу мерчем боюнча 54 объектиде жумуш аткаруу каралып, 10 айдын жыйынтыгы менен 35 объект пайдаланууга берилген. Ал эми “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” багытында 2020-жылга карата 312 обьектиде иш аткаруу мерчемделип, 10 ай ичинде 301 объектиде иш бүткөн.