Токмок шаарындагы республикалык маданият колледжине композитор Насыр Давлесовдун ысымы ыйгарылды. Окуу жайдын статусу да өзгөрүп, Насыр Давлесов атындагы республикалык маданият жана исскуство колледжи болуп аталды.
Салтанатуу кечеге Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, министрликтин өкүлдөрү, Насыр Давлесовдун жубайы, балдары, санаалаш, кесиптештери катышты. Окуу жайдын алдында композитордун эмгектерине арналган чакан музей да уюштурулду. Окуу жай 1949-жылы негизделип,бир катар маданият кызматкерлерин тарбиялап чыгарган.
Алардын арасында композитор Асан Мурзабаев, коомдук ишмерлер Топчубек Тургуналиев, Жаныш Кочкоров, Майрамбек Осмоновдор да бар. Учурда окуу жайда Социалдык-маданий ишмердүүлүк, фольклордук чыгармачыл топ, хор коллективи , мейманкана, китепкана иштейт.