Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялоо тууралуу президенттин чечими 2017-жылы октябрь айында кабыл алынган.
Постсоветтик аймакта акыркылардан болуп Кыргызстанда майрам болуп эсептелген Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылынып, парламент аны колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.