Жаңылыктар
Акыркы бир айдан бери күнүмдүк керектелүүчү азыктардын наркы кескин жогорулап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы бир айдан бери күнүмдүк керектелүүчү азыктардын наркы кескин жогорулап жатат

Базардагы азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттагандыктан Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бүгүн Бишкек шаарындагы базарларга жана азык-түлүк соода түйүндөрүнө барып негизги керектелүүчү азыктарды баасы менен таанышып, аларды минималдуу баа менен сатуу сунушталды. Эскерте кетсек акыркы бир айдан бери күнүмдүк керектелүүчү азыктардын наркы кескин жогорулаган.

Эки ай мурда эле базарда Россиядан, Казахстандан импорттолгон өсүмдүк майы 75 сомдон жогору баада келсе, азыр 105 сомдон келип, базарда 120 сомдон өйдө сатылууда. Жергиликтүү өндурүш жалпы керектөөнүн болгону 15% жабат, калган 85% тамак-аш майы сырттан келет. Кардарлар азайганы менен күнүмдүк керектөөдөгү негизги азыктарга суроо-талап жогору.

Эттин баасы кескин көтөрүлүп, жарандар мурдагыдай көп эт албай калышты. Базарга дүңүнөн кирип турган эт азайгандыктан чекене сатууда баа мурдагыга салыштырмалуу 100-150 сомго кымбат.

Азыктардын кымбатташынын себептери көп. Кумшекер менен өсүмдүк майы Россияда Казакстанда түшүм начар болгонуна байланыштуу болсо, калган азыктар доллардын курсуна жана учурдагы пандемия шартынан улам жогорулады. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги сатуучуларга көрсөтмө берип, эгерде баа мында да жогоруласа чара көрүүгө туура келерин эскертти.