Жаңылыктар
Пенсия жана жөлөк пул төлөмдөрү өз убактысынан кечиктирилбей берилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсия жана жөлөк пул төлөмдөрү өз убактысынан кечиктирилбей берилүүдө

Өкмөт жарандардын алдындагы социалдык милдеттенмелерин толук түрдө аткарып жатат. Пенсия жана жөлөк пул төлөмдөрү өз убактысынан кечиктирилбей берилүүдө. Ал эми башаламандыктардан кийин социалдык төлөмдөр берилбей калат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап жаткан ата энелерге октябрь айына бериле турчу жөлөк пулу айрым техникалык каталардан улам бир аз кармалып калды. Төлөм мамлекеттик мекемелер, банктар аркылуу ээсине жеткенче бир нече процедуралар аткарылат. Негизи бул мамлекеттик колдоо 2019-жылдан бери иштеп келе жатат.

Техникалык ката октябрь окуялары учурунда кеткен, андыктан коомчулукта пенсия жөлөк пулдарды төлөө мөөнөтүнөн кечигет экен деп маалымат тарап кеткен. Бирок, социалдык фонд эсеп жургүзүүдө эч кандай кечигүүлөр болбогонун жана мындан ары да болбойт деп билдиришти.