Бишкек ЖЭБиндеги жылуулук агрегаттарынын кышка даярдыгы коомчулукту тынчсыздандырууда. Өзгөчө 29-октябрда коюу түтүн каптаган шектүү окуядан кийин, соц тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, 3 жыл мурда ТЭЦтеги болгон авария кайра кайталанбайбы деген күмөн саноо жаралган.
Жылуулук борбор саатына 250 мегаВат электр энергиясын иштеп чыгат. Борбор калааны жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн, бир күндө 60 градус температурадагы 17 миң тоннадан ашык суу кетет. Бул иштердин баардыгы дал ушул борбордук тейлөө бөлүмүнөн көзөмөлдөнөт.
Жылуулук электр борбору негизинен отун, суу даярдоочу жана суу ысытуучу түзүлүштөрдөн, буу казандардан жана электр генераторлорунан, ошондой эле буу турбиналары менен бууну керектөөчүлөргө бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөн турат.