Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ташкент шаарында иш сапар менен болуп, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов, Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов,Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту. Коңшу өлкөгө барган башкы дипломаттын иш сапарында кандай макулдашууларга жетишилди?
Коңшу жайгашкан Өзбекстан өлкөсү Кыргызстанга болгон инвестициянын көлөмүн арттырууга кызыкдар. Айрыкча машина курууга, туризм, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына каражат салууга белсенип турушат. Өз кезегинде биздин өлкө коңшуларга цемент, көмүр жана майлуу суу лампа заводунда даярдалган электр лампаларын жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу тышкы иштер министри менен инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун жолугушуусунда сөз болду.
Тараптар чек ара аймактарында соода логистикалык борборлорду куруу, биргелешкен өндүрүш кооперативдерин ачуу максатка ылайык болорун белгилешти. Министрлер эки өлкөнүн транспорттук-транзиттик потенциалын туура пайдаланып, кытай-кыргызстан-өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүү чараларын талкуулашты. Ошондой эле соода алаканы арттырып, тоскоол болгон жагдайларды азайтуу жолдорун сөз кылышты. Аны менен бирге тез арада чечүүнү талап кылган маселелер боюнча иш план даярдоону макулдашты.