Жаңылыктар
Республикалык видеосабактар конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Республикалык видеосабактар конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн Бишкекте Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин арасында жарыяланган республикалык видеосабактар конкурсу аяктап, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. 

Конкурска сунушталган 500 гө жакын эмгектин ичинен 15 киши жеңүүчү деп табылды. Сынактын максаты заманбап билим берүүдөгү тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү жана мугалимдер арасында маалыматтык технологияларды колдонуу көндүмдөрүн жогорулатуу. Сынакка жети дубандан ар түрдүү жаш курагындагы мугалимдер катышты. Жеңүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ноутбук, принтер жана дипломдор менен сыйланышты.

"Биз пандемия шартында билим берүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш келдик. Ата-эне менен баланын ортосунда мамилелерди жөнгө салуу көйгөйү келип чыкты. Ушундайда мектептен тышкары билим берүү мекемелери баланы билим алууга кызыктырууда чоң ролду ойноду",- деди Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев.