Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жакынкы арада жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу маселеси макулдашылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Руслан Казакбаевдин Ташкентте өткөн иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалыматында билдирди.
Казакбаев өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолугушуп, кызматташтыктын бардык багыттарын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда жакынкы арада өкмөт аралык жана парламент аралык комиссиялардын кезектеги жыйындарын да, чек аралаш аймактардын акимдеринин жолугушууларын да өткөрүү керектиги айтылды.
Министрлер тез арада чечүүнү талап кылган маселелер боюнча иш план даярдоону макулдашышты. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин жыйынтыктоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкөнүн бул багытта иштеген өкмөттүк топторун активдештирүү керектиги айтылды.