Жаңылыктар
Ак үйдү курчаган темир тосмолор алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ак үйдү курчаган темир тосмолор алынууда

Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган темир тосмолор алына баштады. Демонтажды “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү жүргүзүп жатат. 

Ишкана жетекчиси темир коргонду алуу жумуштары бир жумага созуларын билдирди. Бир ай мурдагы саясий окуялардан кийин тосмону алуу тууралуу бир нече маселе көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы да аны алып салууну сунуштап, бул чечим 5-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун мэрге жазган расмий катынан кийин ишке аша баштады. 

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев имараттын тегерегин көрктөндүрүү боюнча иш башталарын айтты. Тосмо толугу менен алынбайт, 2010-жылы апрель окуялары каза болгондун тизмеси илинген бөлүгү ошол бойдон калат. Ал эми алынган темир тосмолор кайсыл жакка берилери тууралуу азырынча чечим чыга элек. Өлкөнүн башкы административдик имаратынын айланасындагы тосмо биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда орнотулган.