Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси О.С. деген жаранды кармады.
Бишкек шаардык мэриясынын КМККБнын жетекчи кызматкерлери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын бузуу менен иш алып барып, жалпы суммасы 70 миллион сомго жакын бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталды.
Бүгүн, 6-ноябрда Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган адамга карата бөгөт коюу чарасы колдонулат.