Жалал-Абад облусу Чаткал районунда 4-ноябрдан тартып жаз мезгили келгенге чейин Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу (Кара-Буура ашуусу) унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай аракеттер Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолундагы кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын күчөтүү максатында жүргүзүлдү. Чаткал РМАнын башчысы-акимдин 2020-жылдын 4-ноябрындагы №136 буйругунун негизинде аталган унаа жол унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылды.