Кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 7-8-ноябрда белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү дем алыш күндөргө туура келгендиктен эс алуу күндөрү 9-ноябрь (дүйшөмбү) жана 10-ноябрга (шейшемби) жылдырылат.
Мындан улам беш күндүк иш графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-10-ноябрь күндөрү, ал эми алты күндүк графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-9-ноябрь күндөрү эс алышат.