Коронавирус илдетинин экинчи толкуну ушул тапта жүрүп жатат жана анын күчөгөн маалы алдыдагы 10-15 күндүн аралыгында болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Өкмөт жугуштуу ооруну алдын алууга даярбыз дегени менен дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар, ошондой эле дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча бир катар көйгөйлүү маселе бар.