Жаңылыктар
Көгөйү көп тоо-кен өндүрүшү
Кыргызстан жаңылыктары
Көгөйү көп тоо-кен өндүрүшү

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турат. Бул тууралуу Президентттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушкан учурунда айтты. Иш сапардын алкагында Премьер-министр «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышып, Ала-Бука районундагы “Бозымчак” тоо-кен өндүрүшүнө барды.