Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан алтын кени бир айдан бери иштебей турат. Жергиликтүү жашоочулар “кенди иштетүүдө экологиялык эрежелер сакталбай жатат”,- деген жүйөнүн негизинде токтотушкан.
Бирок, ишкана мындай доматты четке кагып келет. Тараптардын пикирин жеринде угуу үчүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров, тоолуу аймакка барды. Жергиликтүү эл менен болгон ачык жолугушууда дагы кандай маселелер көтөрүлдү?