Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында мамлекеттик казынага 575 млн сом которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштардын бетин ачуунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирген зыяндын ордун толтурууга багытталган иштер жүргүзүлүп жатат.
Тактап айтканда, тиешелүү коррупциялык кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыгында 2020-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бюджетке келтирген зыяндын эсебинен 575 млн сом которулду.