Жаңылыктар
Пандемияда каза болгон дарыгерлерге кенемте төлөнүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Пандемияда каза болгон дарыгерлерге кенемте төлөнүүдө

Пандемияда каза болгон 84 дарыгердин 28ине кенемте төлөндү. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди. 

Анын айтымында, акыркы маалымат боюнча пандемия маалында каза болгон 84 дарыгердин ичинен 28инин жакындарына 1 млн сомдон кенемте берилди. 200 миң сомдук кенемте алуу үчүн 2 300 медицина кызматкеринен арыз түштү. Анын ичинен 477сине төлөндү.

“Анткени бул жерде жети пункттан эпидиликтөөнүн негизинде кенемте берилет. Каза болгон дарыгерлердин саны 84кө жетти. Алардын 41и боюнча кайрылуу түшүп, 28 адамдын жакындарына 28 миллион сом төлөндү. Алгач 50 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин 178 млн. сом бөлүндү. Элден 138 млн. сом бөлүнгөн. Ал каражаттан 6 млн. сомдой калды”, - деди Каратаев.