Жаңылыктар
Кыргызстанда COVID-19 экинчи толкуну кыштын ортосуна чейин созулушу мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда COVID-19 экинчи толкуну кыштын ортосуна чейин созулушу мүмкүн

Кыргызстандагы COVID-19 экинчи толкуну кыштын ортосуна чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышына узак мөөнөттүү божомол айтуу кыйын экендигин белгиледи. «Биз божомолдорду ДСУнун, керектүү кеңештерине жана маалыматтарына таянып жасайбыз. Пневмония сезондук сасык тумоо жайылганда күчөйт. Сасык тумоо көбүнчө декабрь айында болот. Биздин божомолдор боюнча, коронавирус инфекциясы дагы 20-ноябрдан баштап көбөйүп, декабрь-январь айларына чейин уланат ”, - деди Нурболот Үсөнбаев.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев санитардык талаптарды күчөтүүгө үндөдү. "Эгерде биз алдын-алуу чараларын көрбөсөк, анда вирустун жайылышын токтотуу кыйын болот", - деп эскертти ал.