Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 535 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 151, Ош шаарында - 21, Чүй облусунда - 104, Ош облусунда - 75, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 43, Жалал-Абад облусунда - 67, Баткен облусунда - 48 адам жуктуруп алды. Ал эми акыркы бир күндө 528 адам сакайып чыкты. Коронавирустан жалпы 52 миң 343 адам айыкса, 61 миң 309 киши ооруга кабылды.
Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 430 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 746 киши дарыланууда. Акыркы суткада 3 миң 182 ПЧР анализи жүргүзүлдү. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 10, стационардан 5 медкызматкер чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 мин634 учур катталды, алардын ичинен 3 387 медкызматкер айыгып чыкты.