Жаңылыктар
Калктын аялуу катмарына жардам берүүнү жакшыртууга арналган жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Калктын аялуу катмарына жардам берүүнү жакшыртууга арналган жыйын өттү

COVID-19 пандемиясынын шартында, мамлекеттик органдардын - калктын аялуу катмарына жардам берген иш аракеттерин жакшыртууга арналган жыйын болуп өттү. 

Анда жашы улгайгандардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын, онкологиялык илдетке кабылган балдардын жана аялдардын, ВИЧ жана кургак учукка кабылган жарандардын укугуна тийиштүү маселелер, ошондой эле балдар үйүндө жана интернаттарда жашаган балдардын абалы, эркинен ажыратылган адамдардын укугуна байланыштуу көйгөйлөр талкууланды. 

Иш-чаранын катышуучулары коронавирустун биринчи толкуну учурунда кездешкен катачылыктар кайталанбаса деп эскертишти. Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева пандемия учурунда мамлекеттин каражаты жетпеген жерде эл көп жардамды жарандык коомдон алганына токтолду. 

“Эгерде түшүнбөстүктөр жарала турган болсо, аларды ачык-айкын талкуулап чечели. Башкысы, негизги орунда жарандарыбыз турушу керек. Өкмөт ал үчүн колдон келген күч-аракетибизди жумшайбыз. Мунун бардыгы тыкыр көзөмөлгө алынат. Биз ачыктыкка карай багыт алабыз. Өкмөт тарабынан сунуштар эки жумадан кийин, 20-ноябрга карата даяр болот. Ал убакытка дейре бизде дагы жолугушуулар болот. Биз ачык баарлашууга даярбыз", - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.