Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин, тойканаларды 15 күндүк мөөнөткө жабуу чечимин чыгарууну ойлонуп жатканын билдирди.
Түлөбаев бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Тойкана ээлери бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз”, - деп жазды ал.
Өлкөдө эпидемиологиялык абалдын курчуп жатышына Саламаттыкты сактоо министрлиги токтобогон той-топурлар менен элдин массалык чогулуусу, санитардык нормаларды сактабай жатканы себеп болуп жатканын айтышууда.