Жаңылыктар
Нарын шаарындагы мал соючу жайлардан эреже бузуулар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарындагы мал соючу жайлардан эреже бузуулар аныкталды

 «Нарын Суу-канал» муниципалдык ишканасынын 2-октябрдагы кайрылуусунда Нарын шаарынын С. Орозбак жана Ленин көчөлөрүндө жайгашкан Ж.А. жана М.Ы аттуу жарандарга таандык мал союлуучу жайларга бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан, ыплас сууларды чыпкалоочу жабдык орнотпостон иш алып баруунун натыйжасында, канализация системасында малдардын ичеги карын, теринин кесиндилери, май жана башкалар тыгындыларды жаратып, тиешелүү жабдыктарды иштен чыгаруу себебинен, шаар тургундарына ынгайсыздык жаратып жаткандыгы билдирилген.

Кайрылуунун негизинде Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Экономика министрлигинин Түндүк региондор боюнча башкармалыгынан макулдашылган жазма буйругу алынып, пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын шаарынын, С.Орозбак көчөсүндө жайгашкан Ж.А. аттуу жаранга тиешелүү мал союлуучу жайына Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 94 беренесинин 5 бөлүмүнө ылайык «Курулуш аяктагандан кийин мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын кабыл алуусуз үйдү же курулманы эксплуатациялоо же пайдалануу» боюнча айып пул салынып, катталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча жана ишкердигин токтотуу талабы менен 6 пункттан турган бузууларды чететтүү тууралуу эскертме жазуу бир айлык мөөнөткө берилди.

Ал эми Ленин көчөсүнөн орун алган М.Ы аттуу жаранга таандык мал союлуучу жайы ишкердик жүргүзүүгө ырастоочу документтери жок болгондуктан, текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан себебинен улам Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 295 беренесине ылайык «Ыйгарым укуктуу органга тоскоол болуу» боюнча протокол түзүлдү. Ошондой эле ишкердигин токтотуу үчүн башкармалыктын инспекторлору тарабынан берилген билдирүүнүн негизинде 2020-жылдын 29-октябрында таза суу менен камсыздоо токтотулуп, өчүрүү-нөөмөттүн негизинде Нарын ЭТРну тарабынан электр энергиясынан өчүрүлүп, текшерүү актысы жазылган жана 8 пунктан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу бир айлык мөөнөткө аткарууга берилди.