Жаңылыктар
ИИМ: Өлкө аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Өлкө аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө

Кыргызстан аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Республика боюнча 2020-жылдын 4-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 198   кылмыш, 135 жоруктар каттоого алынган. 

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.