Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мыйзам бузууларын белгиленген мөөнөттө жойбогон айыл өкмөткө чара көрүлдү. Мамэкотехинспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгы тарабынан Талас облусунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына пландуу текшерүү болгон.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышынын, 2019-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен макулдашылган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүү иштерин жүргүзүү планынын негизинде ишке ашыруу максатында, Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айыл өкмөтүнө 2020-жылдын 15-сентябрында текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен текшерүү актысы толтурулуп, экологиялык жана техникалык тармактары боюнча мыйзам бузуулары аныкталып, четтетүү боюнча эскертме жазуу берилген. Аталган эскертме жазууда көрсөтүлгөн талаптарды толук кандуу жана өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгы үчүн, 2020-жылдын 4-октябрында контролдук текшерүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык 293-беренесин 2-категориясы менен айып пул салынды.