Жаңылыктар
АКШда президенттик шайлоо аяктап, добуштар эсептелүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
АКШда президенттик шайлоо аяктап, добуштар эсептелүүдө

АКШда президенттик шайлоо аяктап, эми добуштарды саноо жүрүп жатат. Пандемияга байланыштуу быйыл жергиликтүү тургундардын бир тобу коопсуздук маселесинен улам почта аркылуу добуш беришти. 

Добуштарды эсептөө үч күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бул президенттик шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилеге таасирин тийгизбейт. Мындай пикирди Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө билдирди. 

Дональд Лунун айтымында, Америкада ар бир шайлоо ар дайым күтүүсүз жана ачык өтөт. “Мисал катары акыркы шайлоону алсак бардык сурамжылоо жана божомолдор боюнча Хилари Клинтон алдыңкы орунда турган, бирок жыйынтыгында Дональд Трамп жеңип чыккан”, - деди ал.