Жаңылыктар
Өкмөт башчы Садыр Жапаров: Тоо-кендеги көйгөй мага жакшы тааныш
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы Садыр Жапаров: Тоо-кендеги көйгөй мага жакшы тааныш

Тоо-кен тармагындагы ишканалар бир топтун эмес, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бул үчүн карапайым эл, мамлекет жана инвесторду камтыган үч тараптуу комиссия иш алып барат. 

Ал эми, аталган тармактагы коррупциялык көрүнүштөр туурасында маалымат берип турган атуулдардын коопсуздугу корголот. Бул туурасында Садыр Жапаров, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын жашоочулары менен болгон жолугушууда айтты. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров, аталган аймактын эли менен чукул жолугушууга келгенин, андагы Бозымчак алтын кенин ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. 

Тоо-кен тармагындагы маселелер менен сырттан эмес, ичтен тааныштыгын айткан Жапаров, кен иштетүүдөгү көйгөйлөрдү Кумтөрдун мисалында келтирди. Кыска убакытка белгиленген жолугушуу суроо-жооп иретинде уланды. Анда, элеттиктер аймактагы жападан жалгыз кен иштеткен ишканага тийиштүү бир катар өзгөртүүлөрдү суранышты. Ага ылайык, айыл аймактын инфратүзүмүн жакшыртуу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, жаштарга жумуш орундарын түзүү, жол, таза суу маселелерин жакшыртууну суранышты. 

Бул багытта аталган айыл аймакта 20дан ашык кичи долбоорлор болгону менен алар жергиликтүү кеңештердин колдоосу жок ишке ашырылбай жатканын уккан президенттин милдетин аткаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жигердүү иш алып барууну тапшырды. Жапаров, ошондой эле, аймактын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн салыктардын ачыктыгын камсыздоонун жалгыз жолу болгон - көмүскө экономиканы табалы жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоёлу деп, жергиликтүү элди жардам берүүгө чакырды.