Жаңылыктар
Конституциялык реформа - өлкө кайсы багытты тандайт?
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык реформа - өлкө кайсы багытты тандайт?

Конституциялык реформа маселеси коомчулуктун кызуу талкуусунда. Партиялык тизме менен шайлоодон баш тартуу, парламенттик системадан президенттик башкарууга өтүү сыяктуу талаптар айтылууда. Ошол эле учурда бийликти бир гана колго топтоого болбойт дегендер да четтен чыгат. Көтөрүлүп жаткан демилгелердин катарында “Курултай институтун” киргизүү сунушу да бар.

Бийлик алмашкан сайын өлкөнүн аксап жатканын баш мыйзамга байлап, конституцияны өзгөртүү талабы жаңырат. Анын өзөгү башкаруу системасына, ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүнө байланыштуу. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров “Регион” телеканалында курган маегинде партиялык тизме аркылуу шайлоого жана парламентке артыкчылык берген багытка каршы экенин белгиледи. 

Учурда дал ушул башкаруу формасы менен шайлоо системасы Конституциялык реформага байланыштуу маселенин өзөгүнө айланды. Парламентке артыкчылык берилген өлкөдө күчтүү өкмөт куралып, премьер-министрлик кызмат чечүүчү мааниге ээ болот. Бирок Кыргызстанда парламентаризм жетиштүү өнүгө электигин эске алган эксперттер башкаруунун бул багыты натыйжасыз болду деп эсептешет. Иш жүзүндө өкмөт башчы мыйзамда берилген ыйгарым укуктарын пайдалана албай, мамлекет башчысынын көлөкөсүндө калып келгени буга ачык далил катары айтылып келатат. Ошондой эле парламенттик башкаруунун жемиши шайланган депутаттардын деңгээлине да көз каранды.

Жаңы кабыл алына турган баш мыйзамда “курултай тутуму” тууралуу да камтылып калышы мүмкүн. Эл арасынан жүздөгөн адамдар курултайга чогулуп, ага бийликтин бардык бутактары отчёт бериши керек деген ченемдер сунушталып жатат.