Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы жогору коюлат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ала-Бука районунун эли менен жолугушкан учурунда билдирди. Жолугушууда негизинен тоо-кен тармагындагы маселелер талкууланды. Садыр Жапаров аталган тармактагы компаниялардын ишмердүүлүгү боюнча өз позициясын билдирди. Муну менен катар Премьер-министр аймактагы «Терек-Сай» кенинин иши менен таанышты.
“Эти Бакыр Терек-Сай” кыргыз-түрк ишканасында алтын чайкоочу фабриканын курулуш иштери башталган. Бирок пандемияга байланыштуу, чет өлкөлөрдөн ташып келүүчү жабдуулар кечеңдеп жатат. Буга байланыштуу фабриканын курулуш иштери токтоп турат. Садыр Жапаров «Терек-Сай» кениндеги ишти жандандыруу керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга компаниянын иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле ишкана жергиликтүү эл менен ачык диалог жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады. Тагыраак айтканда, аткарылып жаткан иштердин экологияга зыян алып келбей тургандыгын эле жеткирүү керек.
Президенттин милдетин аткаруучу жаратылышты коргоо маселеси тийиштүү мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү тургундардын да көзөмөлүндө турарын кошумчалады.
Дал ушул “Эти Бакыр Терексай” ишканасы Чаткал районунда жайгашкан. Дегеле Ала-Бука, Чаткал жергеси кенге бай. Ошондуктан Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун бир жарым саатка созулган эл менен жолугушуусунда, негизинен тоо-кен тармагындагы компаниялардын иши тууралуу кенен сөз болду. Берилген суроолордун да басымдуу бөлүгү кенге тийиштүү.