Жаңылыктар
АКШ шайлоодон кийин кыргызстандыктар үчүн виза режимин жоюу маселесин чечет
Кыргызстан жаңылыктары
АКШ шайлоодон кийин кыргызстандыктар үчүн виза режимин жоюу маселесин чечет

Вашингтон АКШдагы президенттик шайлоодо ким жеңгенине карабастан, кыргызстандыктар үчүн виза режимин алып салуу маселесин чечет. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд  Лу журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бул Кыргыз Республикасында кыргызстандыктар үчүн коопсуз биометрикалык паспортторду чыгаруу боюнча иштер аяктоо алдында турат.

Февраль айында Дональд Трамптын администрациясы тыюу салууну кеңейтип, кошумча алты штаттан: Мьянма, Эритрея, Кыргызстан, Нигерия, Судан жана Танзаниядан келген иммигранттарга чектөө киргизген.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дональд Лу АКШ кыргызстандыктарга паспорттун айынан гана виза чектөөсүн киргизгенин айтты.