Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери аткарылууда. Мерчемделген объектилердин арасынан кечиктирилгис жумуштар аткарылышы зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багыты - атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жумуштары.
Биринчи багыт боюнча 2020-жылга карата болжолдуу мерчем боюнча 54 объектиде жумуш аткаруу каралып, 10 айдын жыйынтыгы менен 35 объект пайдаланууга берилген: 5 көпүрө, 1 жөө адамдар өтүүчү көпүрө, 8 шпора, 4485 пм дамба, 131 метр темир бетон коргоочу тосмо курулду жана 35600 м3 селкана тазалоо жумуштары аткарылган. Иш-чаранын натыйжасынды 2966 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду, ал эми 9456 кожолук, 4059 га айыл чарба аянты жана 1 мектеп табигый кырсыктардан корголду.
Ал эми “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” багытында 2020-жылга карата 312 обьектиде иш аткаруу мерчемделип, 10 ай ичинде 301 объектиде иш бүткөн. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында табигый кырсыктан 12 114 кожолук, 17222 га чарба үлүш жерлери, 13 мектеп, 8 бала бакча, 6 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 8 көпүрө, 1 насостук станция, 2 трансформатор, 7 турак үй (дача), 1 суу түтүкчө жана 400 метр автоунаа жол корголуп.
Жалпысынан 366 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, анын ичинен 336 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 21 570 кожолук, 21 281 га чарба аянттары, 14 мектеп, 8 бала бакча, 6 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 8 көпүрө, 1 насостук станция, 2 трансформатор, 7 турак үй, 1 суу түтүкчө табигый кырсыктан корголуп, 2966 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болгон.