Бүгүн, 4-ноябрдагы парламенттин кезексиз жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Мамытов Талант Турдумаматович шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 100 депутат макул, 1 депутат талапкерге каршы болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми ушундай жашыруун добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигине 64 депутат макул болуп, 36 депутат каршы экенин билдирген.
Жыйында сөз сүйлөгөн жаңы төрага Талант Мамытов жоопкерчилиги чоң экенин белгилеп: "Элибиз парламенттен чоң кадамдарды күтүүдө. Бирдиктүү саясат жүргүзүү менен баарыңарыздардан колдоо күтөм. Башкысы мамлекетте туруктуулук орнотуубуз зарыл", - деди.
Муну менен катар парламенттин ушул чакырылышына карата сын пикирлер да көп экенине токтолуп: "Бирок, айрым саясий чечимдерди кабыл алууда ушул чакырылыштын мааниси чоң болгонун да белгилеп кетүүбүз керек”, - деди Мамытов.