Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан эне тилди даңктап, өнүктүрүү максатында “Тилим жүрөгүмдө” аттуу видео сынак жарыяланып, жалпысынан 280ге жакын видео тартылды.
Жогорку окуу жайдын студенттери жана мамлекеттик муниципалдык кызмат чөйрөсүндө иштеген адамдар тарабынан уюлдук телефонго тартылган мыкты эмгектер мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайтына жайгаштырылды. Видеоматериалдар атайын калыстардын кароосунан өтүп, эң мыкты тартылган видеороликтер үчүн студенттерге белектер тапшырылды.
Бул сынак мындан ары орто мектеп, бала бакча, башталгыч кесиптик окуу жайлар арасында дагы уюштурулат. Сынактын максаты - социалдык тармактар аркылуу мамлекеттик тилдин кеңири жайылтуу болуп жатат. Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанисин жаштарга түшүндүрүп, мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүп, атуулдук сезимин ойготуп, эне тилди аздектеп алууну көздөйт.