Жаңылыктар
Мамлекеттик салык кызматы: салык боюнча план октябрда ашыгы менен аткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик салык кызматы: салык боюнча план октябрда ашыгы менен аткарылды

Салык боюнча план октябрда 1 миллиард 400 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Иш жүзүндө өткөн айда жалпысынан 7 миллиард 590 миллион сомдон ашык салык жана төлөмдөр жыйналган. Муну менен белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 миллиард 440 миллион сомго көбүрөөк чогултулду.

Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839 миллион сомго өскөн. Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 миллиард 646 миллион сом салык жана төлөмдөр жыйналды.