Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстанда иштеп жүргөн түрк бизнес коомчулугу менен жолугушту.
Жолугушуунун башында Казакбаев Измирдеги жер титирөөдөн курман болгондорго байланыштуу түрк тарапка көңүл айтып, жабыр тарткандар тез арада айыгып кетишин каалады. Ошондой эле өлкөдөгү ички саясий кырдаал турукташып жатканын, Кыргызстанда боло турган маанилүү саясий окуялар тууралуу сөз кылды. Жолугушууда Кыргызстанда иштеп жаткан ишкер чөйрө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргызстандын экономикасына жаңы түрк инвестициялын тартуу зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.
Иш-чаранын катышуучулары чет өлкөлүк инвестицияны коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти жана бул багытта кыргыз өкмөтүнүн колдоосуна үмүт артарын билдиришти. Казакбаев инвесторлорду коргоо жана колдоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө Кыргызстандын жетекчилигинин даяр экендигин айтты.