Жаңылыктар
Башкы прокуратурада Басма сөз күнүн утурлай пресс-борбордун ачылышы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратурада Басма сөз күнүн утурлай пресс-борбордун ачылышы өттү

Бүгүн Башкы прокуратурада 7-ноябрь Басма сөз күнүнө карата пресс- борборунун ачылышы өттү. 7-ноябрь күнү алгачкы гезит "Эркин - Тоо" жарык көргөндүктөн, кызыл тасманы аталган гезиттин ардагер журналисти кыркты. Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев жалпы массалык маалымат каражаттарын кесиптик майрамы менен куттуктап, алдыдагы аткара турган иш пландарына токтолду.

Анда Кылмыш жаза кодексинде айрым беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин, себеби бир эле кылмыш үчүн эки жаза каралып калган учурлар бар экендиги айталды. Ошондой эле жарандардын арыздары жеринен каралып, чечилиши керектигин белгилеп, бул боюнча райондук, областтык прокурорлорго буйрук берерин билдирди.

Андан сырткары, прокуратура кызматкерлеринин турак-жай, айлык маяна маселелерине көңүл бурулуп, аны менен бирге алардын милдеттери боюнча да маселе караларын айтты. Алдыдагы өтө турган шайлоо ачык - айкын, эч кандай административдик ресурстар пайдаланылбашына жана башка мыйзам бузуулар болбошуна көзөмөл жүргүзүшөрүн билдирди.

Жарандардын кайрылуулары, арыз - даттануулары боюнча Башкы прокурордун кабыл алуу күнү жумасына эки жолу болуп турат. Ал эми облустарда бир жолу, бирок күнү белгиленбестиги эсертилди.