Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев төрагалык кызматын тапшырарын жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев төрагалык кызматын тапшырарын жарыялады

Бүгүн, 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирип, төрагалык кызматты өткөрүп берерин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Ал 5-октябрдан кийинки өлкөдөгү саясий кризистен чыгуу үчүн төрагалык кызматта иштеп бергенин белгилеп: “Мамлекетте туруктуулукту орнотуу үчүн мыйзамдуулукка кайтып келүү менен Садыр Жапаровду легитимдештирүү аркылуу Өкмөттүн курамын бекитип бердик. Президенттин ыйгарым укуктары мага жүктөлгөн. 6-чакырылыштын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мен өз ыктыярым менен президенттин милдетин аткарууну Садыр Жапаровго өткөрүп бергем. Партиялаштарым президенттик шайлоого менин талапкерлигимди көрсөттү. Мен да Жогорку Кеңештин төрагасы катары президенттин милдетин аткара албайм”, - деди.

Бирок азыркы учурда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дагы президенттик шайлоого катышарын билдирген. Андыктан ал дагы мамлекет башчынын милдетин аткара албайт. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо тууралуу маселени күн тартибине кийирүү тууралуу сунушту депутат Өмүрбек Бакиров берди. Учурда төрагалыкка депутат Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталууда.