Социал-демократ Темирлан Султанбеков менен Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек чогуу китеп жазышты. Бул тууралуу Султанбеков социалдык тармактарда жарыялады.
Анын айтымында, китепте Түндүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн реформалары сүрөттөлөт (Түндүк-Чыгыш Азия - Япония, Түндүк жана Түштүк Корея, Монголия, Кытай жана Тайванды камтыган субаймак)
"Досум Кадыр Атамбаев экөөбүз биргеликте китеп жаздык, аны басып чыгарууга даярдап жатабыз. Китеп 350 беттен ашык болот. Анда Түндүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн реформалардын жетишкендиктери жана ийгиликтери баяндалат, биз аларды өз мамлекетибизге ыңгайлаштырып ала алабыз. Китептеги тыянактар алдыдагы парламенттик шайлоодо биздин партиянын программасы боло алат.
Кадыр Атамбаев - мамлекет башчысынын үй-бүлө мүчөсү кандай болушу керектигинин жаркын мисалы. Ал эч качан саясатка же бизнеске кийлигишкен эмес, өлкө анын атын Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийин гана уккан. "Эң оор күндөр да аны сындырган жок, тескерисинче күчтөндүрдү! "- деп жазган ал.