Жаңылыктар
Ош облусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери кызуу жүрүүдө

Ош облусунун аймагында 2020-жылы аткарылуучу "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" мерчеминин негизинде жалпы 124 объект каралып, кошумча 24 объект мерчемге кошумча киргизилген. 2020-жылдын 2-ноябрына карата 94 обьект бүтүп, 6 обьектиде жумуш жүрүүдө.

Учурда 3467 турак жай, 1224 га айыл чарба жери, 3 мечит, 7 мектеп, 1 стадион, 3 ФАП, 6 бала бакча, 6 көпүрө, 4533 жаран жол менен камсыз болду, 25 чакырым ички жолдор корголду жана 28 турак жай таза суу менен камсыз болду.

КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарда чара көрүү түштүк борборунан аталган техникалары жумуш жүргүзүүдө. Кара-Кулжа районунда 1 даана бульдозер техникасы тартылып Ылай-Талаа айыл аймагынын Кара-Дөбө, Бакбас, Жийде, Ак-Ой айылдарындагы ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Араван районунда 1 даана экскаватор, 1 даана жүктөгүч жана 1 даана самосвал техникалары тартылып, А.Анаров айыл аймагынын Жаңы-Араван айылынын Пахта-Дөбө участкасында Араван-Сай дарыясынын оң жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.