Чүй ОИББнын КМК кызматынын Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бейбаштыка шектүү жаран карамалды.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Сокулук районун ички иштер бөлүмүнө арыз менен Р.А. аттуу жергиликтүү жаран кайрылган, себеби белгисиз жаран тарабынан эч себепсиз арыз эсин ур-токмокко алган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып. Ыкчам-издөө иш-аракетинин натыйжасында, бул кылмышка шектүү делип 1967-жылы туулган жаран С.М. кармалган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.