Финансы полициясынын төрагасы С.А. Жапыкеевдин жетекчилиги астында өткөн кеңешмелердин биринде Талас облусундагы төө буурчактын түшүмүн сатуу боюнча ишкердик ишти мыйзамдуу жүргүзүү жөнүндө маселе көтөрүлдү, тактап айтканда, өнүмдү сатуу баасы кыйла жогору болгон учурда, фермер-өндүрүүчүлөрдөн төө буурчактарды арзан баада сатып алып жатышкан алып сатуучуларды жоюу боюнча конкреттүү милдеттер коюлган. Мындан фермерлер чыгымга учурап, сарпталган акчалары акталбай калат.
Ошентип, Финансы полициясынын кызматкерлеринин демилгеси менен Талас облусунун акимчиликтеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн арасынан биргелешкен комиссия түзүлүп, салык органында тийиштүү каттоосу жок жана төмөндөтүлгөн баада буурчак сатып алууда ишкердик менен алектенген адамдарды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы боюнча Талас облусунда салык органдарында каттоодон өтпөстөн, кайра сатуу максатында төө буурчакты аябай арзан баада сатып алуу боюнча бир нече фактылар аныкталды. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ал боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Ошондой эле, Финансы полициясынын кызматкерлерин камтыган аталган комиссия алдын алуучу рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп, анын жүрүшүндө баалардын төмөндөшүнө жол бербөө үчүн сатып алуучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Муну менен бирге, Финансы полициясы көрсөткөн демилгенин аркасынан Талас облусундагы төө буурчак өндүрүүчүлөрүнөн сатып алуу баасынын акырындык менен жогорулашынын натыйжасында, оң натыйжаларга жетишилгендигин маалымдайбыз.
Ушул жылдын октябрь айында “лоапатки” сортундагы төө буурчактын баасы 67-70 сом болсо, ноябрь айында 86-88 сомду түздү. “Чаар ала, бышуучу” сорттогу түстүү төө буурчак ушул жылдын октябрь айында 80-85 сом болсо, азыр 96-100 сомду түзүүдө.