Ички иштер министрлиги элдик кошуундардын өкүлдөрүн сыйлады. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ыктыярдуу элдик кошуундардын бардык өкүлдөрүнө ички иштер органдары менен тыгыз кызматташып, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо кызматын аткарууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
5-октябрдан 10-октябрга чейин борбор калаада укуктук тартипти чыңдоодо ыктыярдуу элдик кошуундардын ролу өзгөчө белгиленди.Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү жогорку жоопкерчилик, тартиптүүлүк, абийирдүүлүгү үчүн ведомстволук «Шериктеш», «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалдары менен сыйланышты. Жалпысынан 3000ге чукул ыктыяры сыйланды.