Акча талап кылып, паракорчулукка шектелген УКМКнын кызматкери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу териштирүү ишин Аскердик прокуратура аягына чыгарды.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын кызматкери 77 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталган. Ал тиешелүү жумуштарды бүтүрүү үчүн жеке ишкерден 3 миң доллар акча талап кылган.
"Бул иш азыр иликтөө иштеринен кийин Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлдү. Эми алар чара көрүп, андан ары териштирүү башталат",- деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова.